9-майда Бишкектин бир катар көчөлөрү жабылып, милиция кызматкерлери 100 пайыз жумушка чыгышат

9-Май - Улуу Жеңиш күнү "Ала-Тоо" аянтында өтчү Жеңиш парадына байланыштуу Бишкектин бир катар көчөлөрү жабылып, республика боюнча милиция жана Жол-кайгуул кызматкерлери 100 пайыз жумушка чыгышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда SUPER.KG порталына Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын инспектору Тилек Оторов билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде таңдан кечке чейин иштешет. Мындан тышкары күнү-түнү кезметчи наряд коомдук тартипти көзөмөлгө алат.

Майрамга карата Бишкектин Абдрахманов көчөсүнүн Киев жана Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү, Киев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү, ал эми Тоголок Молдо көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки аралыгы жабык болот. Унаасы бар тургундар бул күнү коомдук транспортту тандаганы жакшы болмок”,- деди инспектор.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан