Өзгөн районунун Кыргызстан айылындагы Үсөн уулу Жаныш атындагы мектеп авариялык абалга келип, окуучулар айыл аксакалдарынын үйүндө, мечитте жана мектептин ашканасында билим алышууда.
Бул тууралуу аталган мектептин Алтынай Исирайилова аттуу мугалими 6-майда WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, мугалимдер мектептен мечитке, андан кийин үйлөргө каттап сабак берип жатып тажап кетишкен. "Мектептин авариялык абалга келгенине 5-6 жыл болду. Ошондон бери окуучулар мектепте окугандан кооптонуп, мектептин ашканасында, мечитте жана айыл аксакалынын үйүндө окуп жатышат. Мугалимдер бир жерден экинчи жерге каттап сабак берүүдөн тажашты. Убакыттын көпчүлүк бөлүгү жолдо эле өтүп жатат. Өкмөткө бир нече жолу кат менен кайрылдык, жооп жок. Мектепте жалпы 500 окуучуга 30 мугалим сабак берет. Ошондуктан өкмөттөн бул көйгөйдү тезинен чечип берүүнү суранабыз",- дейт Исирайилова.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.