Бүгүн, 6-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата шаардагы №41-мектепте согуштун ардагерлери менен жолугушуу кечеси болуп өттү. Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлер Хамиджан Махмудов жана Умаржан Ахмаджановдор кандуу согуш майданындагы баштарынан өткөргөн окуяларын айтып, жаштарга акыл-насаат сөздөрүн, жакшы тилектерин билдиришти.
Кечеде мектептин таланттуу окуучулары тарабынан даярдалган “Болочок жоокер обон созот” аттуу чакан концерттик программа тартууланды. Окуучулар согуштук драмалардан эпизоддорду көрсөтүп, мекен ырларын аткарып, бий бийлешип, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов ардагерлердин согушта көрсөткөн баатырдыгын, ооруктагы күжүрмөн эмгегин баса белгилеп: “Канчалаган муун сиздер жасаган эрдик менен өсүп, тарбияланып келе жатат. Тынчтык үчүн, мекен үчүн кандуу согуштагы эрдигиңиздерди эч качан унутпай, тарбиялап жаткан окуучуларыбызга дайыма жеткире беребиз”,- деди.
Аталган жолугушууга Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, аймактык кеңештин жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү, мектеп мугалимдери жана окуучулар катышты.