Бүгүн Бишкек шаарында 4 аймактык милиция бөлүмү ачылды. Алардын ар биринин курулушуна мамлекет тарабынан 700 миң сомдон көп каражат сарпталган.
“Жалпысынан шаар аймагында 50дөн ашык милиция бөлүмү ачылды. Анын негизги максаты - эл менен милицияны жакындатуу. Аймактык милиция бөлүмдөрү буга чейин ачылган аймактарда кылмыштуулуктун саны 25-30 пайызга азайды”,- деп билдирди иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер министри Мелис Турганбаев.
Айта кетсек, аймактык милиция бөлүмдөрү Ак-Бата жаңы конушунда, Кыргыз драма театрынын жанында, Кулатов көчөсүндө жана Чоң-Арык айылында ачылды.