Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу “Кыргыз-түрк достугу” атындагы таланттуу балдар мектебинде чыгаан педагог Гапыр Мадаминов мугалимдерге “Билим сапатын көтөрүүнүн жолдору”, “Акыл маданиятынын эмгеги”, “Мугалимдин устаттыгы” жана “Энелер мектебин түзүүнүн жолдору” деген темаларда семинар өтүп, өзүнүн иш тажрыйбасы жөнүндө кеңири баяндап берди.
Иш-чаранын демилгечиси, аталган мектептин директору Мелисбек Музулманов: “Айыл жеринде гимназия мектебин түзүүгө жетишкен агайдын өнөрү бардык мектеп мугалимдерине, айрыкча бизге окшогон жаш кесиптештерге үлгү боло алат. Анан да балдары менен кошо энелерин окутуп, өспүрүмдөрдүн тарбиясын жолго коюуга жетишкендиги биздин класс жетекчилер үчүн жакшы сабак болду. Биз агайдын педагогикалык ишмердүүлүгүн колдонууну жайылтышыбыз керек”,- деп билдирди.
Эске салсак, Гапыр Мадаминов жетектеген Баткендеги №3-гимназиянын 2014-жылы бүткөн 26 бүтүрүүчүсүнүн 100 пайызы жогорку окуу жайлардын бюджеттик орундарына өткөн. Учурда гимназияда 150 окуучу окуйт.