16-17-февраль күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өткөн стол тенниси боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстандын “Карвен-1” аттуу командасы 4-орунга ээ болду. Маалым болгондой, аталган спорттук иш-чарага Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 18 теннис командасы катышкан. Мында 1-орунга казакстандык “Караганда-1”, 2-орунга “Алмата-2” командалары ээ болсо, 3-орунга “Алмата-1” командасы татыктуу болду.