Бүгүн, 8-майда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын мүчөлөрү Жеңиштин 70 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Панфилов дивизиясынын командири, Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун эстелигине гүл коюшту. Эскерүү иш-чарасына федерациянын 700 миңден ашык мүчөсүнүн курамына кирген билим берүү, авиаторлор, транспорт, айыл чарба жана башка тармактардан бардыгы болуп 20га чукул союз катышты.
Кыргыз профсоюздар федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогуловдун айтымында, Панфилов дивизиясы 28 жоокерден турган, алардын 6сы кыргыз жергесинин уулдары болгон. “Жаш муун бул баатырларды дайыма эстеп, барктап жүрүшү керек”,- дейт профсоюздар жетекчиси.