Бүгүн, 8-майдан тарта Бишкекте Түркиянын колдоосу менен, Түрк кызматташуу жана өнүктүрүү агенттиги тарабынан муниципалдык наабайкана ишке кирди. Ишкананын ачылыш аземине КРнын Биринчи-вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев катышты. Ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Эрдоган видеоконференция аркылуу сөз сүйлөдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 3 миң чарчы метр аймакта жайгашкан наабайканада саатына 3 миң нан чыгат. Муниципалдык наабайканадан даярдалган нандар менен шаардагы бала бакчалар, ооруканалар, мектептер жана башка социалдык объектилер камсыз болушат.