Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев оорукта эмгектенген 54 ардагерге 10 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Улуу Ата Мекендик согуш учурунда оорукта эмгектенген 54 ардагерге 10 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Бул тууралуу Ош мэриясынан 8-майда билдиришти. 
Ардагерлердин жасаган эмгектери баа жеткис экенин айткан шаар башчысы аларды Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.   
"Ата Мекенибиздин эркиндиги үчүн болгон улуу курмандыктар, ченеми жок айрылуулар жана кан майдандагы азап чегүүлөр менен коштолгон элдин биримдиги келечек муундарга көз карандысыз жашоо мүмкүнчүлүгүн тартуулады. 
Урматтуу ардагер аталар, апалар! Улуу Жеңиш үчүн, эли-жерин коргоо үчүн канын, жанын бергендерге тизе бүгүп таазим этебиз! Ал эми согуш мезгилинде бүлүнгөн эл чарбасын калыбына келтирүүгө жаштык жигерин сарптаган ардактуу ата-апаларыбызды бир өмүр ардактап алууга милдеттүүбүз. Ал мезгилдеги эмгегиңиздер баа жеткис",- деди мэр. 



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
toshiba
2015-05-08 13:18:12
кече еле кытайдын консулу 610 мин сом берди елего ветерандарга деп ошону дагы толук бербептирго телевизор беребиз дешкен еле ар бирине майрамга деп
+1
raku
2015-05-08 14:08:46
өз чөнтөгүнөн бериптирби? мамлекеттин акчасынан да...
+1
albina2010
2015-05-08 16:17:29
кытайдын акчасын бердида 540мин 70минди чонтоко урду кечкиге сауна заказ койдун семизинен сойдуда болот жакшы шишда кабакда куйбоду
0
nurjana83
2015-05-12 13:36:32
Кадырбек Айтмаматов да бир иш кылат экен э? Мердик местаны эле басып жатат го дегем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан