ЭЛДИК КАБАР: Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө согуш ардагерлери параддан өтүштү

Бүгүн, 8-майда Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери параддан өтүштү. Бул тууралуу окурман 8-майда WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Окурмандын айтымында, айыл өкмөттө Жеңиш парадынын бир күн мурун өтүп жатканына ардагерлердин 9-майда район борборунда өтүүчү парадга катышууга барышары себеп болгон. Иш-чарада ардагерлердин эрдиктери эскерилип, курман болгондорго куран окулганын кошумчалады. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tursunmurat1991www
2015-05-08 14:24:24
Бул кок жар айыл окмоту эн мыкты айыл окмотордун бири
+2
Shurik
2015-05-08 15:47:49
Бул биздин окмот азаматсынар.
+1
baisal1
2015-05-08 20:07:44
Булар улуу атамекендик согуштун эмес ооган согушунун ардагерлериго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан