Улуу Жеңиш - кан майданда мекен үчүн жанын берген баатырлардын, согуш жана оорук ардагерлеринин, азыр да арабызда жүргөн карыяларыбыздын чыныгы эрдигинен келген улуу күн. Советтер Союзунун элдери мыкаачы душман менен 4 жыл бою салгылашып, аны жеңген.
Бул майрамда улуттарды бириктирип, фашисттик Германияга каршы согушта каарманча дүйнө салган ата-бабаларыбызды эскерип, башты ийип таазим кылабыз.
Баарыбызга үлгү болгон ардагерлер, мындан ары да арабызда аман жүрүп, улуулук нускаңыздардан жазбай, журт ичиндеги ынтымак менен ырашкерликти чыңдай беришиңиздерге тилектешпиз.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, жалпы кыргыз элин Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, ачык асман, чың ден соолук, жакшылык, узак өмүр, ийгилик каалайт.