ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарында көчө шыпыргычтар Ак-Буура дарыясына таштанды төгүп жатышат

Ош шаарындагы Ахмедов көчөсүндөгү көпүрөдөн көчө шыпыргычтар Ак-Буура дарыясына таштанды төгүп жатышат. Сууну булгап жаткандарга күбө болгон окурман 10-майда WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, көчө шыпыруучулар таштандыны жыйнап алып кетүүдөн качып, аны сууга таштап жиберишүүдө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
plaza85
2015-05-10 19:37:58
Аларга бары бир жетекчиси ошондой кыл десе керекда бекер бензинге акча коротпойлу чонтококалсын деп.
+1
gitaris93
2015-05-10 20:26:34
plaza85, ошондой болсо керек
0
Nadir27
2015-05-10 20:03:29
Бул кайсы копуро мост эмеско
0
jarkyn_jakta_jasha
2015-05-10 20:28:07
Nadir27,аэропортко кетип жаткан жолдогу копурого окшоп жатат.. шаардык МАИ жактагы
0
Patriot...kg
2015-05-10 20:41:07
Мыноу кабарды жөнөткөн адамга менден айфон3 деп 1 айдан кийин админ бериши керек деп ойлоп койдум
0
Marat-m
2015-05-10 21:38:07
Patriot...kg, Мына бул чыныгы элдик кабар болуптур
0
hairullo
2015-05-10 22:40:52
Patriot...kg, Оштогу бечара кары аялдардын (кочо тазалаган) бетин ачып ХХХ ХХХ ХХХ... кимдер иштешин билесинер го, уялбайсынарбы, оз апаларынарды жаманатты кылып, мыскылдабай.
-1
aika1405
2015-05-11 08:41:55
hairullo, апалар сууга шыпырынды токсо убал болоорун билбейби,жаштарга ушинтип жол корсотушобу?
0
admin_portal
2015-05-11 16:38:55
hairullo, ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазганга укуктуу, бирок порталдын эрежелеринин негизинде гана.
0
Aidar.001
2015-05-10 21:34:12
эззип тазалап жатышат го кысталак десе
+2
hairullo
2015-05-10 22:17:15
Мусор эмес кумду шыпырып жатышат. Копуро жакында ремонт болгон.
0
renessans
2015-05-10 22:20:22
hairullo атына затын жарашып турат..28 жылдан бери 10адырда жашасан билбейсин да...Бул МАИ жактагы копуро..чыныгы элдик кабар.Себеби мериянын т.е. мамлекеттин бюджетинен айлыгы болунгон кызматкерлер....
+1
hairullo
2015-05-10 22:26:51
renessans, Мен бир жактуу карап атканым жок. Жалган жалаа болуп журбосун деп атам. Жакындан тартса болмок. Ошто кочо шыпырганы чон аялдар, кемпирлер иштешет, аларга боор ооругандын ордуна жаман коросунор. Ошолордун чыдап иштегенине рахмат айткыла андан коро.
+1
hairullo
2015-05-10 22:33:38
ХХХ ХХХ ХХХ... Ошто эч ким иштебей, карыган аялдар шаарды тазалап жатышса, аларга жалаа жапканын жакшы эмес. Алган айлыктары 4-5мин сом болсо, эрте-танда туруп кочолорду мизилдетип тазалап жатышса, ХХХ ХХХ ХХХ...
-2
nurik2103
2015-05-11 01:30:28
hairullo, аларды дворник болуп иште деп бироо зордоп жатыппы, айалыбы еркегиби каарысыбы жашыбы курулушчуларыбы ошентип сууга төккөндөн көрө шыпырбайле коюшсун
0
admin_portal
2015-05-11 16:39:47
hairullo - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө жол берилбейт.
0
hairullo
2015-05-10 22:44:19
Тем более, алар кочо шыпыргычтар эмес курулушчулар экен, кийиминен байкасанар, ач жашыл цветте болуп турат.
+1
jasgul
2015-05-11 00:55:17
туура булар кочо шыпыргычтар эмес, мостторду краскалап жургон жумушчулар. окшосо окшобосо деле элдик кабарга жаза бербегиле да. Булар жакында жаны мостту жол жээктерин кара ак тусто боешкон. кундо ары бери откон жаран катары айтарым кочо шыпырган апалар шыпырындыны топтошуп, атайын машинага жуктошот.
0
nurik2103
2015-05-11 01:17:26
jasgul, туура еле жоноткон, емне красскалоочу жумушчулар токсо боло берет бекен? Мостторду краскалаган жумушчуларбы көчө шыпыруучуларбы министирби президентпи екологияны булгап жатпайбы
0
aika1405
2015-05-11 08:44:45
nurik2103, сенде (э)тамгасы жашабайбы?
0
Liliia
2015-05-11 04:31:33
дворниктер эмес ошто жонокой базарда эт саткан адамдар ак буурага тушуп ичеги-карындарды жууйт. А Оштун эли ошол дарыядан суу ичет,эми элестеткиле аны коргондо суу да ичкин келбей калат
0
azamat85
2015-05-11 05:12:53
Бул таштанды эмес, бул чан, кум, майда таш. Мен Туштук Кореяда иштейм, жаныбыздан ушундай дарыя агат жана мост бар бул жерде деле дарыяга ташташат кум таштарды.
0
Sake80
2015-05-11 08:22:19
Жазгандан мурун бир барып айттынбы.Таштабагыла деп.Же бир жерге жашынып алып тартынбы.Ушунча куйсон барып айтпайт белен
+1
hairullo
2015-05-11 11:11:01
ХХХ ХХХ ХХХ... Ошто кочо тазалагандар карыган аялдар экенин билесин. Жаштар ал иште иштебей, карыган аялдар иштеп жатышса. ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-05-11 16:41:45
hairullo - акыркы эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат. Дагы кайталанса сайттан четтетилесиз.
0
AFRODITA-89
2015-05-11 15:38:42
коменттерге олло кулкум келди
0
renessans
2015-05-11 17:10:28
hairullo:-жаман эле болдун го.Именно шаардын тазалык бирдекесинде жумуш кылат окшойсун чычадап баштадын.Бул кабарды туура жиберген.Озунун жарандык позициясын аткарып.Мэрияга жетсин.Айтмамат акабиз билсин командасы кандай иштеп атканын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан