ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте касапчылар малдын этин унаада чаң бастырып, ачык алып жүрүшөт

Бишкекте касапчылар малдын этин таза сакташпайт. Мал этинин туура эмес сакталышына күбө болгон окурман 11-майда WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, касапчылар малдын этин унаада чаң бастырып алып жүрүшөт. "10-май күнү Бах көчөсүндө унаада малдын эти илинип туруптур. Эттин үстү ачык болгондуктан, анын үстүн чаң басып калыптыр. Аны кайда алып баратканы белгисиз, мүмкүн, кафелерге алып барышат чыгар. Айтор, Бишкекте санитардык абалга жооп бербеген эттердин сатылышы тыйылбай койду",- дейт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Krasnoyrsk124
2015-05-11 11:19:56
Кандай адамдар булар эт ташыган холодильниги бар машина менен ташыш керек
0
ailam14
2015-05-11 12:53:37
Ужас заман кайда эле баратат?
0
mira28
2015-05-11 15:29:52
мыйзамдын жоктугу.
0
ILYAS181296
2015-05-12 00:40:22
Балким итине алып бараткан чыгаар....кошунам ушинтип эле алып келип берет итине...олуп калган койдун туштарын
0
temirov76
2015-05-12 07:56:11
Эттер машинада тартиби м/н илинип турат го,эгер итине алып барса машина устуно туш келди ыргытып жиберип эле алып барса керек менимче.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан