ЭЛДИК КАБАР: Екатеринбургда 5 жашар кыргыз бала апасы үйүнөн кууп жибергенин айтып, атасын издөөдө

Орусиянын Екатеринбург шаарында Болсунбек аттуу 5 жаштагы кыргыз бала апасы үйүнөн чыгарып жибергенин айтып, атасын издөөдө. Бул тууралуу Болсунбекке жолуккан окурман 10-майда WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. 
Окурмандын айтымында, бала көчөдө жүргөндө полиция кызматкерлери көрүп калышып, аны ооруканага беришкен. "Болсунбек атасынын атын Майрамбек, апасынын атын Гүлмира деп айтты. Эгерде баланын ата-энеси табылбаса, оорукана жетекчилиги аны балдар үйүнө тапшырарын билдирип жатат",- деди окурман.  

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Орусияда 5 жашар кыргыз бала атасын издөөдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
plaza85
2015-05-11 15:07:41
Жаш бала экен ар нерсени айта берет да ата энеси издеп жургондур.
0
nargizka.kg
2015-05-11 15:47:52
Иииий кече эле видеосун кордум эле,табылып калсын ата-энеси
0
DESSMOND
2015-05-11 16:08:37
Админдер кантип көчүрөбүз видеону???
0
admin_portal
2015-05-11 16:12:29
DESSMOND, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, "Көчүрүү" баскычын басыңыз: http://www.super.kg/media/uservideo/141179/
0
ENGELSA
2015-05-11 16:10:20
Кайсыл райондо екен Билгендер болсо купуяма кабар берип койгулачы сураныч???
0
Dadasdasd
2015-05-11 18:10:22
Табылса да кабарлап койгула сураныч .
0
karona
2015-05-11 18:23:13
Иииий, бир ширин бала экен, ата-энеси табылып калса экен эртереек.
0
Nuranna_93_kg
2015-05-11 18:32:13
Ата-энеси табылып калса экен....иий бир ширин бала экен...((( Ушинтип ата-энесинин табылышына жардам берип жаткан патриот жигиттерибизге Аллахым ыраазы болсун.
+4
gitaris93
2015-05-11 20:39:02
Ата энеси издешип жүргөндүр табылып калса экен.
0
ziya
2015-05-11 21:48:29
Байкуш бала атасынбы энесин табып алсын. Кудай жалгап. Бирок баланы эч качан катуу урбаш керек и урушпаш да керек
0
Gulnaz.GS
2015-05-11 22:22:36
табылат да .адашып калса керек.
0
kyrgyzka96
2015-05-11 22:25:55
Мен бул баланы одноклассникиден да кордум го ойноп журуп жолдон адашып кетиптир
0
Aliyar85
2015-05-12 00:28:44
мен ишенбейм апасы кууп жибергенине!жон еле адашып чыгып кеткендир !
0
sarishka
2015-05-12 02:55:18
Uuu muncha shirin bala ata enesi tabulup kalsin Allahum jardam bere kor
0
femidakg
2015-05-12 09:31:52
Ширин бала экен козу десе, бироого кар, бироого зар деген ушу да.
0
raku
2015-05-12 09:45:38
Бойтойгон сонун бала экен, ата-энеси табылып калса экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан