ЭЛДИК КАБАР: Ошто таштанды челеги күнүгө өрттөнүп, жакын жашагандар жагымсыз жыттан улам терезелерин ача албай калышты

Ош шаарындагы Кулатов көчөсүндөгү таштанды таштоочу челек ар күнү белгисиз бирөөлөр тарабынан өрттөлүп жатат. Андан чыккан жагымсыз жыттан улам жакын жашагандар терезелерди ача албай калышты. Бул тууралуу окурман 11-майда WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.   

“Шаар жетекчилери эмнени карап жатышканы белгисиз. Анан да "таштандыга 100 сом бергиле" деп ай сайын келишет. Таштанды таштоочу челектин жанында жаш балдар үчүн аянт бар. Балдардын ден соолугуна да зыян болуп жатат”,- деп кошумчалайт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Мэри
2015-05-11 15:21:04
Албетте, тиешелүү жактар карап, көзөмөлгө алышы керек. Бирок жашоочулар да суу сээп өчүрүп коюшса болсо керек...
+1
fanatka19
2015-05-11 23:24:44
Эки чака суу куйуп койуш кыйынбы?
+1
semakg
2015-05-12 01:58:01
fanatka19, Ошону айтсанар эптеп эле телефон деп ар нерсени жазып атышат. Ушуну жазгыча бир аз суу сээп койсо очот Дагы айына 100сомдон алат деп жазыптыр. 100сомго эмне келет эле азыр.
0
temirov76
2015-05-12 07:46:09
Кеп бул жерде суу сееп очуруп койгондо эмес ошол таштандыны башка жол менен жок кылып же орттобой алып салуунун ыкмасы жок бекен дегендей болуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан