ЭЛДИК КАБАР: Ысык-Көлдө жакында сезон башталат, учурда көл жээги таштандыга толуп жатат

Ысык-Көлдө жарым айдан кийин көлгө түшүү мезгили башталат. Учурда көл жээги таштандыга толуп жатат. Бул тууралуу окурман 12-майда WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады. 
"Бул жердеги абал мышык ыйлай тургандай болууда" деген оюн айткан окурман көл жээгинен тартылган сүрөттөрдү жөнөткөн. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kama_future_millioner
2015-05-12 10:22:05
Жергиликтүү элда карап койсо болот даа кайдигер карабай ар бирибиз эле өз жерибизди таза кармоого үндөп кетет элем.
+3
bulbulboy
2015-05-12 13:30:20
Окурман кабарын жибериптир, кайсы айыл? шаар? ошону толук жазбайбы? ар ким эле жамандаганга шашат, кыйын экен озу деле ишембилик кылдым, тазаладым, ушунча таштанды чыкты, мен кылдым деп чыкпайбы?Ысык-Кол чон,бир айылда кол жээкте куурайды тартып жаманатты кылбай.
+2
bakit-bosteri
2015-05-12 13:37:15
Салам Алейкумдар!!!Кыргызстан бою 3 айлык ишембилик кылуу жарыяланган,кылынып атат,бул дикий пляж экени корунуп турат,ырчы, продюсер,куудул,чыгармачыл адамдар,чиновниктерибиз,Кыргыз жараны бир кунго келип ишембилик кылып кетсе,жайында эстеп,калган 3 ай унутуп койбой?уюштурса болот,баарылап ынтымактуу бир ишембилик кылып койсок,Бостериде кол жээктер тазаланган, ишембиликтер болуп атат,жана дагы боло берет.Ысык-Колубузду сактайлы,таза кармайлы!!!
+1
talant87
2015-05-12 17:26:35
супер Инфо ишинерге ийгилик элдик Кабарды кошсонорда ЖАНЫЛЫКтарынар аз берип жатасынар былтыр окуп тан калычы элем жанылыктын коптугунон
0
admin_portal
2015-05-12 17:58:26
talant87, саламатсызбы!
Рахмат, эске алабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан