Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек Бапиев ажы казыят кызматкерлери менен Талас районунун мечиттеринин тазалыгын жана имамдарынын билим деңгээлин текшерип чыгып, райондон үч имамга катуу эскертүү берди. Таалайбек Бапиев ажы имамдардын билим деңгээлин текшерип чыккан соң, аларга "Куран" жана "Тажвид" китептеринен ар бирине өз-өзүнчө сабак өттү. Облус казысы кээ бир имамдарга Али ибн Абу Талиб атындагы Ислам медресесине барып сабак алуу тапшырмасын койду. Бул тууралуу 12-майда Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.