Жалал-Абад шаарында кызамык жана кызылча оорусуна каршы эмдөө башталды

Жалал-Абад шаарында бүгүн, 12-майда кызамык жана кызылча оорусунун алдын алуу үчүн эмдөө башталды.

Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка таянсак, шаарда эмдөө үчүн 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 2 ФАП кызмат көрсөтүүдө. 

"Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери тарабынан буга чейин шаардагы бала бакчалардын тарбиячыларына жана мектеп мугалимдерине, окуучуларга кызамык жана кызылча оорусу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ал эми бүгүндөн баштап 1 жаштан 20 жашка чейинки балдар, бала бакчалардан баштап жогорку окуу жайлардын студенттерине чейин эмдөөдөн өтүшөт",- деп билдирди Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Маматжан Миянов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан