"Быйылкы жаңы окуу жылынан баштап бардык мектеп окуучулары бирдиктүү мектеп формасын кийүүгө милдеттүү",- деп билдирди бүгүн, 12-майда маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри
Эльвира Сариева.
Министр учурда окуучулар билими менен эмес, кийими менен атаандашып жатканын белгиледи. "Бирдиктүү мектеп формасын кийүү мектептин жобосунда белгилениши керек. 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта тийиштүү буйрук күчүнө кирет. Мектептерде тартип орнотуу максатында ушундай чечимге келгенбиз",- деди министр.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын
1-июлунда бирдиктүү мектеп формасы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, окуу жылында кийилүүчү мектеп формасы аныкталган.