Жалал-Абад шаарында кызамык жана кызылча оорусуна каршы эмдөө боюнча 34 бригада түзүлдү

Бүгүн, 12-майда республика боюнча кызамык жана кызылча оорусуна каршы эмдөөнүн экинчи этабы башталды. Жалал-Абад шаарында бул үчүн 34 эмдөө бригадасы түзүлдү.  

Мэриядан кабарлашкандай, шаардагы бала бакчалардан баштап, мектептерде жана жогорку окуу жайларында эмдөө үчүн үчтөн бөлмө ачылды. 1-бөлмөдө дарыгер жана каттоочу эмдөө алуучулардын ден соолугун текшерет. 2-бөлмөдө эмдөөдөн өткөрүшөт, 3-бөлмөдө болсо тургундар эмдөөдөн кийин жарым саат кызылча жана кызамык оорусу жөнүндө видеотүрмөк көрүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Шаар боюнча 45 098 киши эмдөөдөн өтөрү күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Maksat81
2015-05-12 19:01:49
Динге каршы келет дегендер эмдетпесе кайра эле жуга берет да.
0
Nurbag
2015-05-13 08:14:30
Эмдоону алыш керек.Анткени коомчулука зыян келтирбеши керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан