Кызгалдактар - кызыл өңү талаанын,
Кызыктырат кыялындай баланын.
Тынчтык күнгө ынтымакты чакырып,
Тыңшагансыйт биримдиктин кадамын.
Кызгалдактар кызылындай кырмандын,
Кылымды ырдап ыргал, ыргал, ыргалгын!
Өткөн күндөн эртеңки күн бай болуп,
Өсө берсин эл-жерибиз жылдан-жыл!
Кызгалдак гүлүнө арналган дал ушундай ыр белгилүү акын Бактыгүл Чотурованын калемине таандык. Боёк болуп сүрөтчүнүн кагазынан, сыя болуп акындын ак кагазынан орун алган кызгалдак гүлү жаз мезгилинин экинчи жарымында талаага өзгөчө көрк берет. Кызгалдактуу талааларды ырчылар тарткан клиптерден, социалдык тармактардын колдонуучуларынын баракчаларынан да көрүүгө болот. Бишкектин айланып өтмө жолунун боюндагы гүлдөр ары-бери өткөндөрдүн көзүн кызыктырып, сезондун "хити" болуп турат.
Айта кетсек, кызгалдактын 75 түрү бар, алар көбүнчө Орто Азия, Жакынкы Орусия, Чыгыш Сибирь жана Алтайда жакшы өсүшөт. Кызгалдактар биз билген кызыл гана түстө боло бербейт, ак жана сары түстөрү да кездешет. Бул гүлдөр тоолуу, таштак жерлерде, отоо чөптөрүнүн арасында да, башкача айтканда, табият шартынын катаалдыгына карабай жашап кетчү өсүмдүктөрдүн түрүнө киришет.