Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин курама командасы бильярд боюнча Орусияда өткөн мелдеште 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу аталган элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Орусиянын Нахабино шаарчасында өткөн XIII кышкы дипломатиялык оюндарга бир нече эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мелдеште стол тенниси, бильярд, лыжа, биатлон, кичи футбол боюнча беттештер орун алды.