Айта кетсек, бүгүн, 12-май күнү Бишкек шаарынын Надежда Хохлова аттуу тургуну "Фейсбуктагы" өзүнүн баракчасына маалымат калтырган. Анда белгисиз адам кичинекей баланы чечинтип, өпкүлөп жаткан жеринен кармалганы жазылган. Ошондой эле Надежда Хохлова калтырган маалыматта кармалган адамдын молдо экени жана ал кичинекей баланын суу чечек оорусун (ветрянка) өпкүлөп дарылап жатканы айтылган.
Ал эми кармалган адам эч кандай жаман нерсе кылбаганын жана окуя андай болбогонун айтууда.