Өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан жарандын сөөгү жана кармалган адам кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Чек ара кызматынан бидиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 12-май күнү Баткен районундагы Какыр тилкесинде болгон. Анда Кыргыз Республикасынын үч жараны Мерседес-Бенц Гигант үлгүсүндөгү унаа менен Өзбекстандан жер-жемиш алып өтүүгө аракет кылышкан. Ошол учурда өзбек чек арачылары ок чыгарышкан. Анын кесепетинен 1993-жылы туулган Махмуджан уулу Мансур каза таап, 1991-жылы туулган Махмуджан уулу Шумкар кармалган. Ал эми үчүнчүсү качып кетүүгө үлгүргөн. Бүгүн эртең менен өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан жарандын сөөгү жана кармалган адам кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.