Бишкекте ысык сууга болгон тарифтин баасы көтөрүлдү

Бишкекте ысык сууга болгон тарифтин баасы 1-апрелден тартып көтөрүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 13-майда “Бишкек жылуулук энергия” коммуналдык ишканасынын башкы инженери Байымбет Байтараев билдирди. Анын айтымында, калкка берилчү ысык суунун баасы өкмөттүн тариф саясаты боюнча кабыл алган токтомуна ылайык көтөрүлдү. "Өкмөт 2014-жылы тариф саясаты боюнча токтом кабыл алган. Анда ысык суунун баасын ар жыл сайын 1-апрелде жогорулатуу боюнча норма кирген. Ошого ылайык, жыл сайын 1-апрелде көтөрүлүп турмакчы",- деди Байтараев.  
Маалым болгондой, буга чейин абоненттер ысык суу үчүн 1 гигакалорияга 917 сом 78 тыйын төлөп келишсе, эми 1134 сом 76 тыйындан төлөшөт. Эгерде бир жашоочу ысык сууга 233 сом төлөсө, жаңы тариф боюнча 309 сомдон төлөшмөкчү.  
Байтараев ошондой эле бюджеттик мекемелер, жеке ишканалар жана башка коммерциялык жайлар үчүн тариф саясаты өзгөргөнүн кошумчалады.  
Ишканалар жылуулук үчүн колдонгон гигакалорияга 1695 сомдон төлөшөт. Айрым чакан чакан ишканалар 1557 сомдон төлөйт. Ал эми ысык сууга 97 сом 19 тыйындан төгүшөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
deva
2015-05-13 15:33:04
баары эле кымбаттап жатат, кымбаттап жатат
0
narzulla
2015-05-13 16:51:40
Жыл сайын көтөрүлөт экен жакшы закон экен
0
kobra86
2015-05-13 20:50:45
Бакиев бир которо койуп куулган эле азыркы окмот тарифти анданда да кобуроок бирок акырындык менен которуп койду...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан