Кечээ, 13-майда "Баткен" чек ара отрядынын "Кара-Бак" чек ара тозотунда жаңы кызматтык жайды өткөрүп берүү жана кабыл алуу салтанаты өттү. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
“Кара-Бак” чек ара заставасында кызматтык жана турак жай бөлмөлөрү курулуп, анын ичинде аскер кызматкерлери үчүн бардык шарттар каралган казарма да бар.
Жаңы объектилерди кабыл алуу иш-чарасына вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, полковник Абдикарим Алимбаев, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
“Мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу боюнча чек арачылардын алдына коюлган тапшырмаларды сапаттуу аткаруу көбүнесе кызматтык шарттан көз каранды. Жылдан-жылга өлкөнүн жетекчилигинин жана эл аралык донорлордун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын иштөө шарттарын жана чек ара бөлүктөрүнүн инфраструктурасын жакшыртуу боюнча алгылыктуу кадамдар жасалып келүүдө”,- деп КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, полковник Абдикарим Алимбаев өз сөзүндө белгилеп өттү.
Белгилей кетсек, өткөн жылы АКШнын Борбордук кол башчылыгы “Баңгизаттарга каршы күрөш жүргүзүү боюнча программанын” алкагында чек ара ведомствосуна 9 жаңы объектини өткөрүп берген.