ЭЛДИК КАБАР: Таластагы мал базардын тегереги таштандыга толуп калды, буга шаар бийлиги көңүл бурбай жатат

Талас шаарындагы мал базарынын тегерегинде акыр-чикир жол боюна ташталып, сууга да ыргытылып жатат. Шаар башчылары борбор жактын эле тазалыгын карап, чет жактарга көңүл бурбай жатышат. Муну окурман 14-майда WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. 

Анын айтымында, базардын айланасы таштандыга толуп калган. "Аны көрсөтпөө үчүн чоң унаалар менен топурак төгүп коюшат. Бул таштанды төгүлгөн сууну жаш балдар кечип ойношот, биз өсүмдүктөрдү сугарабыз. Таштанды чогулткан машина бир айда бир келет",- дейт окурман.  

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2015-05-14 12:10:34
Шаар башчылары эмес Базар башчыларыларына кайрыл.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан