ЭЛДИК КАБАР: Улуттук университеттин 5-корпусу оңдоп-түзөөгө муктаж

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 5-корпусу оңдоп-түзөөдөн өтүшү керек. Мындай оюн окурман 13-майда WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

“Студенттер көнүп деле калышкан. Ири суммадагы каражат төлөгөнүбүзгө карабай ушундай жерде окуганыбыз өкүндүрөт. Окуу жайда такталар алмашкан эмес, парталар сырдалган эмес, аудиториялардын ичи акталган эмес. Бөлмөлөрдө таштанды салчу челектер жок. Кээде даараткана иштебей калат. 5-кабаттын шыбы катуу жамгыр жаай турган болсо түшүп кетчүдөй. Аудиториялардын эшиктеринин туткалары жок. Ректорго арыз жазалы десек, ректор шайлана элек. Кыргыз улуттук университети ушундай шартта болсо, башкасы эмне болот?”- деп кошумчалайт окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aidartegin
2015-05-14 11:52:26
Туура, супер инфого да ырахмат ушундай мумкунчулук тузуп берип атканга , арыз муунубузду айтканга!!!
0
ILYAS181296
2015-05-15 15:55:08
Туура айтат...мен да ушул жерде окуйм....ремонт керек 5-корпуска, буга караганда айылдагы мектебим евро болчу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан