Ак үйдүн алдында АКШнын кыргыз жериндеги элчилигинин ишин токтотуу талабы менен митинг өттү

Бүгүн, 15-майда Ак үйдүн алдында 4 адамдын катышуусунда митинг өттү. Митингчилер 2 талап менен чыгышты: Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин ишин токтотуу жана өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүн тездетүү. Мындан тышкары алар "Премьер-министр Темир Сариев, өз күнөөңдү моюнуңа алып, кызматтан кет", "2015-жылдын 8-майынан тарта КРнын ЕАЭБге киришине байланыштуу В.В.Путинге жана Н.А.Назарбаевге рахмат!", "Миллиондогон мигранттар КРнын ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болушун күтүшүүдө", "Америка! 2015-жылдын 1-июнунан тарта кыргыз өлкөсүнөн чыгып кет!" деген плакаттар менен турушту. Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери митингчилерге башка жерге өтүүнү сунуштаганда, уюштуруучулар эч жакка кетпей туруп алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
bossmos7
2015-05-15 14:02:45
Жаш балдар даагы саясатта журот.
0
damir11
2015-05-15 14:19:01
мен колдойм булардын митинкин.
-4
albina2010
2015-05-15 14:26:10
сариев тездетип эле жататго тимеле путин менен назарбаевге рахмат деп кыргызда мындай созбар.оз агасын агалай албаган бироонун агасын сагалайт.кудага шугур дегиле туугандар секин ТСнын пайдасы билинипатат.американы болсо кыс деш керек
+7
raku
2015-05-15 14:30:23
өтө эле аша чапкандык...
+4
Aramisa
2015-05-15 15:07:19
Saiasatty da bir az oilonup jurguzush kerek da. Chyk degen andai bolboit, myndai bolot dep korgozup koisun. Glavno bizge tynchtyk kerek.
+2
ILYAS181296
2015-05-15 15:13:14
4-5 адам чыгып элди дурботкусу келип аткан немелер да....ТС кетсе ошолорго пайда тушот бекен....ТС коро албаган депутаттар кылышы мумкун...
+2
abdyldaeva
2015-05-15 15:14:20
Тынчтыгыбызга кетергесин тийгизбесе болгону
0
Aidar.001
2015-05-15 15:24:38
Тынч жашайбызбы озу?
+2
modem4999
2015-05-15 16:26:45
Тушунуксуз го.
0
fea1990
2015-05-15 16:28:50
Кандай бекерчилер чыгат озу....
-1
killer-star
2015-05-15 16:31:46
Ойлонбой эле иш кыла берет экен да.Америкага коп сайыла бергенда туура эмес алжакта да менкендештер аз эмес
+1
kumushbek.kuttubekov
2015-05-15 16:39:57
жаза бериш керек экинчи митингке чыкпай тургандай кылып, Кыргыздарды уят кылдырбай 4 адамдын башы бириксе эле митинг деген эмне шумдук!
+2
kaniet
2015-05-15 19:29:37
Туура кылышыптыр, ............... кереги бар алардын бизге!
0
bakyt_2015
2015-05-15 20:16:23
Суротко караганда аялы менен эки кызын ээрчитип чыккан демократ чалыш кожойун окшойт.Уйдо жон жатканда эмне журбойсунорбу кагаз кармап "сынтырды" коруп келели, бирденке бере салышы да ажеп эмес дегенби дейм.
+3
asha302
2015-05-16 10:35:39
Америкага көп тийише бербесеңерчи тең теңи менен болушу керек. Анын үстүнө азыр элдин баары англисче үйрөнүп Америкага иштегени,окуганы кетип атышат. Ал жакта да боордошторубуз бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан