Бүгүн, 20-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда волейбол боюнча эркектер арасында өлкөнүн 5-чемпиондугунун 1-айлампасы өтүп жатат. Маалым болгондой, мелдеш Улуттук жана Жогорку болуп эки Лигада өтөт. 16-февралдан бери өткөрүлүп келе жаткан чемпиондуктун Улуттук Лигасында 2012-жылы мыкты деп табылган 6 команда ат салышууда. Алар: «Салам-Алик» (Бишкек), «Жаңы-Муун» (Ысык-Көл), «Ош Бажысы» (Ош), «Улар» (Бишкек), «ИИМдин Динамо» командасы (Бишкек) жана "ИИМдин Ички аскерлеринин командасы" (Бишкек) беттешүүдө.