ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте троллейбустук чубалгы үзүлүп, жолдун ортосуна салаңдап калды

Бүгүн, 17-майда Бишкектин Ахунбаев - Карл Маркс көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүп бара жаткан троллейбустун электр чубалгысы үзүлүп түштү. Бул тууралуу окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу   SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, коомдук транспорт күтүүсүз жерден токтоого мажбур болуп, жүргүнчүлөр түшүрүлдү. Ал эми жолдун ортосуна үзүлүп түшкөн электр чубалгысын автоунаалар айланып өтүп, кооптуу абал жаралууда. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Maks_shop
2015-05-18 01:32:19
Иштешбейби жүрө беришпей
-2
boyka.kg
2015-05-18 07:04:39
түшүп калса алып кой
+2
bakyt_2015
2015-05-18 07:59:00
Бул жанылык эмес,адаттагы эле корунуш. Баягы Кумондор автобус деле байланып турган деп троллейбуска атын байлап койгондой,автор да троллейбусту жаны коруп атканбы дейм.
0
modem4999
2015-05-18 13:21:31
Экинчи мындай жанылыкты эч жерде,эч кимге, эч качан айтпайт жур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан