Кара-Суу районунда 10 гектар буудай суу алдында калды. Бул тууралуу бүгүн, 18-май күнү окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, аталган райондогу Кемпир-Абад суу сактагычы 3 жылдан бери толбой келген. Мындан улам жергиликтүү тургундар быйыл да толбойт деп, жээгине буудай айдашкан. Бирок жамгыр көп жаагандыктан, суу сактагычка суу топтолуп, 10 гектар буудай суу алдында калган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.