20-22-майда Бишкекте III Эл аралык "Айыл-агро" өнөр жай көргөзмөсү өтөт

20-22-майда Бишкектеги эски аянтта III Эл аралык "Айыл-агро" өнөр жай көргөзмөсү өтөт. Өкмөттүк аппарат билдиргендей, бул иш-чара инвесторлор үчүн Кыргыз Республикасынын агрардык тармагынын мүмкүндүктөрүн жеткиликтүү түрдө тартуулоо мүмкүндүгүн берет. Ошондой эле башка мамлекеттер менен өнөр жай багытында кызматташууну уюштуруу үчүн жакшы аянтча болуп берет.

Долбоор өкмөт тарабынан түзүлүп, орусиялык айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын көмөгү астында өтүүдө. Быйылкы жазда дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн 50дөн ашуун компания келип, алар 100гө жакын жаңы техниканы жана жабдууларды көргөзмөгө коюшмакчы. 

Болжол менен үч күн ичинде көргөзмөгө республиканын жана андан тышкаркы аймактардан 10 миңден ашуун көрүүчү келери күтүлүүдө. Долбоор өндүрүүчүлөр жана камсыздоочулар, ошондой эле өнөр жай тармагындагы адистердин суроо-талаптарына ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан