Чоң-Алай районуна караштуу Кулчу айылындагы көпүрө жарактан чыкса да, эл андан өткөнгө мажбур болууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-май күнү окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
“Бул айылдын тиричилиги мына ушул көпүрө аркылуу өтөт. Көпүрө болсо эбак жарактан чыккан, ошентсе да айласыздан бүгүнкү күнгө чейин пайдаланып келебиз. Жогору жактагыларга эки жолу кайрылганбыз, бирок алардан жооп жок”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.