Кечээ, 19-май күнү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Сокулук районунун Кичи-Шалта айылында сел жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
“Сел суулары бир катар үйлөргө кирип, дан-эгиндерди агызып кетти. Жергиликтүү эл өкмөттөн жардам күтөт”,- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.