Өзбек чек арачыларынын огунан жаракат алган эки кыргыз жаранынын учурда абалы жакшы

19-майда кыргыз-өзбек чегинде өзбек чек арачыларынын огунан жаракат алган эки кыргыз жаранынын учурда абалы жакшы. Бул тууралуу 20-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, эки жаран Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканада дарыланууда.
Ал эми атышуу болгон күнү эле Өзбекстандын Япаги деген жеринде кыргыз мамлекетинин Айдаркен тилкеси боюнча жана Өзбекстандын Кувасай тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Тараптар жолугушуу учурунда Кадамжай - Кызыл-Кыя транзиттик унаа жолундагы Өзбекстан Республикасынын Каптархана аймагында Өзбекстандын чек арачылары кыргыз жарандарына карата ок чыгаргандыгын, анын жыйынтыгында эки кыргыз жараны жарадар болгон чыр-чатактын кырдаалын такташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап аскер кызматкерлеринин өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч жок учурда калкка курал колдонуу мүмкүн эместигин эскертти. Кыргыз мамлекетинин чек ара өкүлү коңшу тараптын мамлекеттик чек араны бузган жарандары кармоого каршылык көрсөткөн учурларында да ӨКМнын чек ара кезмети эл аралык келишимдерди сактоо менен калкка каршы курал колдонбогон учурларынан мисалдарды келтирди.

Жыйынтыгы боюнча эки тарап чыр-чатакты иликтөө боюнча чечим кабыл алышты. Эки тарап тең чек ара ведомстволорунун аскер кызматкерлери менен курал колдонуу тууралуу, ошондой эле чек арага канатташ отурукташкан калк арасында эки республиканын мамлекеттик чек араларынан транзиттик өтүү эрежелери жөнүндө түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү милдетин алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
albina2010
2015-05-20 11:58:33
каримовго атамбай соз ыргытканынан ушундай кылышпайэлеби бу туугандар
-2
Bors
2015-05-20 13:34:08
Транзит жолдо неге токтойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан