15-февралда Ош облустук Юстиция башкармалыгынын кызматкери Э.М. аттуу жаран 3 миң 600 сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы маалымдады. Маалым болгондой, 14-февралда аталган кызматтын дарегине Э.М. аттуу жаран бир ишкананы каттоодон өткөрүү үчүн 4,5 сом талап кылгандыгы тууралуу арыз түшкөн. Атайын иш-аракеттердин натыйжасында аталган кызматкер кармалды. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.