"Кыргыз алтын" ишканасынын төрагасынын финансы жана экономика иштери боюнча орун басары кызмат ордуна
Бектур Сагынов дайындалды. Бул тууралуу
"Кыргыз алтын" ишканасынын Директорлор кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы №22-чечимине ылайык кабыл алынганын 21-майда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Б.Сагынов “Кумтөр” долбоорун кайра түзүмдөштүрүү боюнча “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Консультативдик кеңеште иштеген.
Буга чейин Сагынов Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында жана өкмөттүн аппаратында эксперт болуп эмгектенген.