Биз социалдык тармакта

Оштун мэриясы Ысык-Көлгө унаага батпай бара жаткан окуучулар боюнча үн катты

Ош шаарынан Ысык-Көлгө эс алууга окуучулардын эсебинен ата-энелер да бара жатышат деген видео тарап, ал мэрияга караштуу "Келечек" чыгармачыл борборунун тарбиялануучулары экендиги айтылды. Бул видео социалдык түйүндөрдө кеңири жайылып, коомчулук кызуу талкуулашууда.

Бул арада мэрия окуя боюнча үн катты. Мэриянын маалымат кызматынын башчысы Жумамидин Сулайманкулов тийиштүү комиссия ички иликтөөсүн баштаганын билдирди.

"Мэрия бул видеолор боюнча кабардар. Учурда тийиштүү кызмат адамдарынан түзүлгөн атайын комиссия иш алып барууда. Видеодогу жагдайлар учурда такталып жатат. Маалыматтын чын же төгүнү аныкталса, кошумча кабарлайбыз",- деп белгиледи ал.

27.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-06-28 20:10:00
Өзүнүн жакын тааныштарын мыйзамсыз түрдө окуучулардын ордуна алып барган "Келечек"тин директору жумуштан алынсын, жана окуучулардын үстүнөн басмырлаганы үчүн тез арада жооп берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан