Башкы прокуратура депутат Карганбек Самаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүндү

Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соттун депутат Карганбек Самаковду үй камагына чыгаруу боюнча чечимине даттанып, Бишкек шаардык соттон анын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы 22-майда билдирди. Октябрь райондук прокуратурасы да 21-майда райондук соттун депутат Карганбек Самаковдун үй камагына чыгышы боюнча чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Ал эми депутаттын жактоочусу Икрамидин Айткулов райондук прокуратуранын өтүнүчүнө макул эместигин 21-майда SUPER.KG порталына билдирген эле.  
Айта кетсек, Самаковго Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин 2007-2008-жылдары мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталып кармалып, 15-майда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 
17-майда бул ишти Октябрь райондук соту карап, аны 2 айга үй камагына чыгарган эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан