Бишкекте “Ажыдаардын төрөлүшү” аттуу фестиваль башталды

Бүгүн, 20-февралда Бишкек шаарындагы "Сейтек" балдар борборунда “Ажыдаардын төрөлүшү” аттуу ушу чеберчилиги боюнча фестиваль башталды. Анда 5 жаштан 70 жашка чейинки 300дөй спортчу ушу боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми калыстар фестивалдын катышуучуларынын өнөрлөрүн техникалык жана театралдык жактан баалашты. Бул фестиваль 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет жана экинчи бөлүгү эртең, 21-февралда улантылат.

Фестивалдын айрым катышуучуларын кыскача сөзгө тарттык. 

Феруза Исакова, 51 жашта: “Ушу менен 7 жылдан бери машыгып келем, мурда сыналгыдан көрүп кызыгып жүрчүмүн. Ушунун ден соолукка тийгизген пайдасы чоң экен, ошондой эле руханий азык дагы тартуулайт”.

Зейнеп Мархат кызы, 9 жашта: “Мен ушу менен 6 жашымдан бери машыгам, мага ушунун көнүгүүлөрү абдан жагат, ошон үчүн машыгууларды калтырбайм”.

Бакай Орозалиев, 16 жашта: “Ушу менен машыга баштаганыма 4 жыл болду. Келечекте ушу боюнча чемпион болсом деген тилегим бар”.

 

 

Ушу спорту жаш тандабайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан