Ысык-Көл облусунда жер титирөөдөн жапа чеккендерге берилчү жардамдын өлчөмүн 2 эсе көбөйтүү сунушталууда

Ысык-Көл облусундагы жер титирөөгө байланыштуу түзүлгөн депутаттык жумушчу топ жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен жарандарга бир жолу берилүүчү 50 миң сомдук жардамды жана 200 миң сомдук ссуданын өлчөмүн эки эсе көбөйтүүнү өкмөттөн суранууда. Бул тууралуу 20-февралдагы маалымат жыйында ЖКнын депутаты Курманбек Дыйканбаев билдирди. 

Депутаттын айтымында, мындай сунуш депутаттык топ менен бир катар министрликтердин өкүлдөрү 15-17-февралда аталган облустун Түп жана Ак-Суу райондоруна барып, ураган үйлөрдүн абалын көргөн соң пайда болгон. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зыян тарткан үйлөрдө жашоого болбойт деп эскертүү бергенине карабай, учурда башка бара турган жайы жок 60 үй-бүлө кооптуу үйлөрдө жашап жатышат. Айта кетсек, ӨКМдин маалыматы боюнча, облустагы жер титирөөдөн мамлекетке 9 миллион 500 миң сомдой зыян келтирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан