Сузакта жер көчкү алдында калган 3 адамдын жансыз денеси табылды

Сузакта жер көчкү алдында калган 3 адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Каза болгондор:

1. Кенжебай кызы Элнура, 1995-жылы туулган;

2. Калыбек уулу Мирлан, 2005-жылы туулган;

3. Калыбек кызы Зарина, 2009-жылы туулган;

4. Алымбеков Аттокур, 1958-жылы туулган;

5. Сейдалиева Жамиля, 1958-жылы туулган;

6. Аттокур уулу Нуржигит, 2012-жылы туулган.

Жабыркаган 12 адам "Тез жардам" кызматы менен райондук ооруканага жеткирилди:

1. Кенжебай Алимбеков, 1965-жылы туулган;

2. Аттокур уулу Азам, 1992-жылы туулган;

3. Айжамал Кыязова, 1992-жылы туулган;

4. Зияда Исмаилова, 1978-жылы туулган;

5. Сүйүмкан Маткалыкова, 1999-жылы туулган. Ал эми 7 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.  

Учурда кырдаал болгон жерде байланышты камсыздоо үчүн Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан көчмө ыкчам башкаруу түйүнү (ППУ) иш алып барууда.

Жабыркаган 5 турак үйдүн ээлери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан 10 орундук 10 даана чатыр жана убактылуу турмуш-тиричилик буюмдары менен камсыздалууда.

Айта кетсек, жер көчкү 24-майга караган түнү саат 01:49 чамасында Кыр-Жол айылында болгон. Анда көчкү 5 үйдү басып калып, 6 адам анын алдында калган. Буга чейин Элиза Алибекова, Калыбек уулу Мирлан жана Калыбек кызы Заринанын жансыз денелери табылган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kirgizstan
2015-05-24 14:15:42
Алла озун боодо кырсыктардан сакта бардык эл журтумду билип билбей кылган куноолорун кечире кор жамандыктан алыс кыл жакшылык бере кор аллах бул дуйно менен кош айткандарга бейишинден жай бер жабыркагандарга мээнетиге шыпаа дартыга дабаа бер окуп ыйлагын келет
+6
marmilantka
2015-05-24 15:10:23
Kirgizstan туура айтасын мен да кошулам дубаларына Аамин! Аамин!
+1
madina.87
2015-05-24 15:37:47
Уйдогулор патага кетишти, эх кудай бейиштеринден насип эт.
+1
asi15
2015-05-24 19:00:22
Ажал айтып келбейт. Кудай сактасын.
+1
pompowa
2015-05-24 19:24:14
Кайсы тарапта экен билгендер болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан