Бишкекте бүткүл дүйнөлүк "Тынчтык үчүн" жүрүшү өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар 25-майда SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 23-майда өтүп, ага дин өкүлдөрү жана муфтияттын мүчөлөрү катышышты. Форумда диний лидерлер "Диндердин альянсы жөнүндө" келишимге кол коюшту. Андан соң "Жеңиш" аянтында "Тынчтык үчүн" жүрүшү өттү.
"Ошол эле убакта Санкт-Петербург шаарында Тынчтык форуму өтүп жатты. Мындай форумдардын максаты - диний ишмерлердин жардамы менен тынчтыкты орнотуу. Бул иш-чаралар жалпысынан 40 мамлекетте өтүүдө. Алардын арасында АКШ, Германия, Япония, Тажикстан жана башкалар бар",- деп билдиришти уюштуруучулар.