Кыргызстанда өткөн суткада 15 өрт кырсыгы катталды. ӨКМнин өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаевдин айтымында, өрт кырсыгынан адам өмүрүнө зыян келтирилген учур болгон жок. Айта кетсек, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 2, Ош облусунда 3, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы болгон.