Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 157 баланы тарбиялаган мектеп директору шаар бийлигинен жардам сурады

Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялаган №134-атайын мектебинде болду. Бул жерде 157 бала тарбия алат жана алардын сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген. 

Мэриядан кабарлашкандай, аталган окуу жайдын башчысы Тахмина Мамыралиева имараттын тегерегине бийик тосмо куруу зарылдыгын айтып, Б.Алымкуловдон бул маселе боюнча жардам сурады. Анын айтымында, учурдагы тосмо жапыз болуп, кечкисин короого башкалар дагы кирип кетип жатышат. Райондун башчысы маселени тезинен чечүүгө аракет кыларын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан