Гүлчө дарыясы Кызыл-Ой айылындагы турак жайларга жана айдоо аянттарына коркунуч келтирүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кызыл-Ой тилкесинде 70 метр тосмонун курулушу 13-майда башталган. Бирок Гүлчө дарыясынын нугу Корул айыл аймагынын 1-Май айылынын Нооруз тилкесине ооп кеткендиктен, 20-майда убактылуу тосмонун курулушу токтотулган. Нооруз тилкеси ӨКМнын “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чарасына киргизилип, иш улантылып жатканда кайрадан Гүлчө дарыясынын нугу Кызыл-Ой тилкесине бурулуп, турак жайларга жана айдоо аянттарына коркунуч келтирүүдө.