Индияда күндүн өтө катуу ысып кеткенинен 800гө жакын адам каза болду

Индияда күндүн өтө катуу ысып кеткенинен каза болгон адамдардын саны 800гө жакындады. Бул тууралуу 26-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Акыркы күндөрү Индияда жамгырдын жаабай жатканынан улам күндүн ысыктыгы 50 градуска чыккан. Мындан улам ысыкка чыдай албай 50 жаштан ашкан жарандар каза болуп калышууда. Өзгөчө Андхра-Прадеш жана Телангана штатында жашагандар көз жумуп жатышат. Өткөн жума ичинде эле каза болгондордун саны 600гө чукулдаган. Каза болгондордун саны өсүүдө. Өлкө бийлиги жарандарга көбүрөөк суу ичүүнү жана сыртка чыкпоону сунуштап жатат. 
Адатта, жай мезгилинде абанын температурасы +40 градустун айланасында болсо, мында салыштырмалуу 5-6 градуска жогору болуп жатканы айтылды.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ainuska00
2015-05-26 18:34:01
Ий жаман болуптурго
+1
bossmos7
2015-05-26 19:08:23
Кудай сактасын!!
+1
bom.bon
2015-05-26 19:11:03
Ар нерсеге уйлонуп эрге тиебергендин кесепети кудайым озу сактасын!
+1
Asan-aka
2015-05-26 19:31:17
Оздоруно жараша болуптур да
-2
aydarken
2015-05-26 19:34:01
Аба ырайы алмашып калганбы не?Кыргызстанга жамгыр коп жаап кочкулор,,селдер журуп жататко Аллахым ОЗУ сактасын
+1
AFRODITA-89
2015-05-26 23:25:49
aydarken,менин да оюма дароо ушул келди бизде жамгыр ото катту жаап коюп ататго алардын жаандарыда бизге келип калган окшойт, Кудайдын куну экен ОЗУ сактай корсун адам баласы бар жоко чыдамдуу болобуз албетте Кудайым сактаса!
0
meli12
2015-05-26 22:59:41
ар нерсени кудай кылып алышса конечно уй кобра бокторго табынышат булар
+1
madiyar1
2015-05-27 03:17:16
meli12, буларда мусулмандарда бар билсенер!
0
Siren.ms
2015-05-26 23:29:29
Кызыктай калк да ушул Индиялыктар.Кудай сактасын эли журтубузду.
+1
chupachups-89
2015-05-27 05:21:31
Кандай гана сонун жерде жашайбыз. Жылдын торт мезгили оз убагы менен келсе, жай мээни кайнаткан ысык болбосо, кышында сибирьдегидей суук болбосо, жапондорго окшоп жер качан силкинет деп коркпосок, торнадо болбосо, эн башкысы согуш жок Афганистан, Ирак, Йемен сыяктуу. Израиль же Палестинадай чек арабыздын туурасы 70-80 км болбосо. Кудайыма шугур! Ушул бийликтегилерге ыймандан бир аз эле берип койсо Кудайым.
+10
uulay
2015-05-27 09:47:23
Инсандарга Кудайым ыйман берсин.Булардын да куноолорун кечип,райымына алсын!Боодо кырсыктан Кудай сактасын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан