Аламүдүн районундагы үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган унааны уурдап кеткен жаран кармалды

Аламүдүн районундагы үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган унааны уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу 27-майда Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө 43 жаштагы аял кайрылып, 25-май күнү саат 23:30 чамасында үйүнүн короосунда токтоп турган Ниссан-Максима үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөө уурдап кеткенин айткан. 
Бул факты боюнча изилдөө жүргүзүлүп, Чүй ОИИББинин Жол-кайгуул кызматы тарабынан 20 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Учурда иштин үстүнөн тергөө жүрүп жатканы айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан