Бишкекте 9 кабаттуу үйдүн чатырынан
2005-жылы туулган бир бала түшүп кетип, аман калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, аман калган бала 27-майда
саат 18:31де Туңгуч кичи районундагы №64/1-үйдүн №1-подъездинде 9
кабаттуу үйдүн чатырынан 1-кабаттагы вентиляциялык шахтага кулап түшкөн. Окуя
болгон жерге ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын
куткаруучулары барышып, вентиляциялык шахтадан жабыркаган баланы
чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.